​Азиз Суракматов мэрлик кызматтан эмнеге кеткенин түшүндүрдү

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Жогорку Кеңешке шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

«Эки жуманын ичинде парламенттик шайлоо башталат. Шайлоого барууну пландап жатам », — деди Азиз Суракматов.

Ошондой эле, Суракматов эмне үчүн Нариман Түлеевди 1-вице-мэр кылып дайындагандыгын айтты.

«Биз Жогорку Кеңеште иштегенбиз, бир фракциянын депутаттары болгонбуз. Түлеев менен “вице-мэр бол” — деп төрт күн сүйлөштүм, ал абдан узак убакытка чейин баш тартты”, — дейт Суракматов.

Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов отставкага кетүү боюнча арызын берген. Буга чейин экс-мэр Нариман Тулеевдин Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты