Мамкаттоо: Матраимов атын кыскартып, фамилиясын өзгөрткөн
- 4 года мурун
Социалдык тармактарда Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов фамилиясын өзгөрткөнү айтылууда. Интернетте анын жаңы ID-картасынын сүрөтү жарыяланды.
Анда, Райымбек Матраимов, Ысмайылов Райымбек Ысмайылович болуп калгандыгы көрсөтүлгөн.
Райымбек Матраимов калкты тейлөө борборуна ысымын Райым деп кыскартууга жана фамилиясын өзгөртүү үчүн кайрылганын басма сөз кызматы тастыктады:
«Матраимов фамилиясын өзгөртүү үчүн ЗАГСка арыз берген. Андан соң Ош шаарындагы калкты тейлөө борборуна паспортун алмаштыруу үчүн кайрылган. Бирок, көзөмөл картасы бардыгына байланыштуу жаңы паспорту Матраимовго кайтарылып берилген эмес”, — деп Калкты тейлөө борборунун басма сөз кызматы билдирди
Жогорудагы Райымбек Матраимовдун жаңы паспорту Ош шаарында даярдалганын маалымат кызматы кошумчалады.