​Мэрдин милдетин Нариман Түлеев аткарат

Жаңылыктар

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов отставкага кетүүгө арыз берген. Мэрдин милдетин убактылуу Нариман Тулеев аткарат.

Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов отставкага кетүү боюнча арызын берген. Буга чейин экс-мэр Нариман Тулеевдин Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалган.

Белгилей кетсек, Нариман Тулеев 2013-жылы күнөөлүү деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылган. 2016-жылы мамлекеттик казынага 60 млн сомдон ашык суммадагы акча төлөп боштондукка чыккан.