​Дастан Бекешев: “Президенттик шайлоого талапкерлердин күрөөсүн жүз миң сомго түшүрсөк болот”

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Дастан Бекешев шайлоодогу регионалдык босого баллды 0,7%дан 0,3% пайызга азайтуу керектигин айтат:

“Биз азыр саясий партияларга күрөөнү 1 млн сомго түшүрүү менен бирге Президенттик шайлоого талапкерлердин күрөөсүн да жүз миң сомго түшүрсөк болот”, — деген сунушун киргизди.

Ошондой эле, Форма-2ни таптакыр жоюп салууга болбой тургандыгын билдирди.

Жарандык көзөмөл комитети саясий партиялар менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосунда «Өлкөдөгү туруктуулуктун башкы кепилдиги — таза жана акыйкат шайлоо» — деген темада Улуттук диалог өткөрүп жатат.

Бул иш-чарада, алар Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, алдыдагы шайлоо алдындагы, шайлоо жана шайлоодон кийинки мезгилдерде коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты