​Өмүрбек Текебаев: “Биз эркин шайлоону камсыз кылып беришибиз керек”

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын Жарандык көзөмөл комитети Кыргыз Республикасынын саясий партиялары менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосунда «Өлкөдөгү туруктуулуктун башкы кепилдиги — таза жана акыйкат шайлоо» — деген темада Улуттук диалог өткөрүп жатат.

Бул иш-чарада, алар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, алдыдагы шайлоо алдындагы, шайлоо жана шайлоодон кийинки мезгилдерде коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашууда.

Иш-чарага катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов шайлоо босогосун 3% га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү жана форма-2ди жокко чыгарууну сунуштады.

Ошондой эле, ал шайлоо мыйзамдарына реформа жүргүзүү керектигин кошумчалады.

“Жергиликтүү бийликти түз шайлоо керек. Башкача айтканда, айыл өкмөттү айыл тургундары шайлашы керек, мектептин директорун ата-энелер шайлоосу зарыл.
Биз элге шайлоо, тандоо укугун кайтарып бербесек мыйзам бузуу көрүнүштөрү улана берет. Биз шайлоо маданиятын калыптандырбасак, алдыга жылуу болбойт экен”.

Депутат Өмүрбек Текебаев легитимдүү бийлик бул — стабилдүүлүктүн, өнүгүүнүн, ынтымактын негизи. Легитимдүү бийлик болуш үчүн эркин шайлоолор болуш керек экендигин баса белгилейт.

“4-октябрда болуп өткөн шайлоодо Сооронбай Жээнбеков кол алдындагы бир нече партиясы менен бийликти мыйзамсыз жана башка жолдор менен ээлеп алууга аракет кылды. Ошон үчүн элдин бир бөлүгү нааразы болсо, экинчи бөлүгү үйүндө отурду. Ошондой болбош үчүн биз эркин шайлоону камсыз кылышыбыз керек”, — дейт депутат.

Ошондой эле, шайлоо күрөөсүн төмөн түшүрүү бул — жаш адамдардын парламентке келүүсүнө жакшы шарт түзүп берерин, бүгүнкү жаңы бийлик эски бийликтин катасын кетирбей ушул мыйзамды колдоп бериши керек экендигин айтат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты