Садыр Жапаров: Шайлоо мыйзамы өзгөртүлсө, президенттик шайлоого барам

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 19-октябрда Орусиянын «Россия 24» телеканалына берген интервьюсунда президенттик шайлоого байланышкан суроого жооп берди.

Ал «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жатканын билдирди. Эгер мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, президенттик шайлоого катышууга даяр экенин айтты.

«Учурда парламентте тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жатат. Эгерде анын жыйынтыгында мыйзамдар өзгөртүлсө, президенттик шайлоого катышам. Бирок азыр бул тууралуу айтуу эрте. Бул маселе боюнча чечим кабыл алына элек», — деди Жапаров.

«Адилет» укуктук клиникасы мыйзамдардын президенттин отставкасынан кийинки жагдайына байланышкан талдоосунда Конституциянын 68-беренесине таянып, президенттин милдетин аткаруучу Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоону жарыялоого, өкмөттү отставкага кетирүүгө, президенттик кезексиз шайлоого талапкер катары катышууга укугу жок экенин белгилеген.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты