Паспорттогу улут графасынын кайра кайтарылышынын Садыр Жапаровго тиешеси жок

14-октябрда премьер-министр кызматына келген Садыр Жапаров журналисттерге берген маалыматында паспорттогу улут графасы кайра жазыла турганын айткан.

Садыр Жапаров: “Мекенчил” партиясы шайлоого катышуу алдында паспорттогу улуту деген графаны киргизебиз деп убада бергенбиз. Бүгүнкү күндөн баштап улуту деген графа кирип жатат. Эки күндүк ишимде бул маселени чечтим”, — деп билдирген.

Бирок, “Мекенчил” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына берген программасында мындай пункт камтылган эмес.

Паспорттогу улут графасын кантип кайтарылды?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 токтому менен паспортко өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынган. Жаңы паспортто улуту жөнүндөгү маалымат көрсөтүлбөй, ал паспорттогу электрондук чипке киргизилген. Бул маселе коомчулукта ар кандай сын-пикирди жараткан.

Азимбек Бекназаров, Жыргалбек Касаболотов, Шамшыбек Медетбеков баштаган “Улутуңду унутпа” кыймылы түзүлүп, паспорттон улуту деген графаны алып салуу туура эмес деп чыгышкан. Алар 2017-жылдын 3-июлунда Кыргызстандын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасына улуттук паспортко жарандын улутун көрсөтүп жазууну талап кылган арыз менен кайрылышкан. Бул иш ошол убактан бери каралып келген.

14-октябрда демилгечилердин бири болгон Жыргалбек Касаболотов өзүнүн Facebook баракчасына паспорттогу улут графасы тууралуу соттон өкмөттү утуп чыкккандыгы тууралуу сүйүнчүлөгөн.

Конституциялык палатанын расмий сайтындагы аалыматка караганда, 2020-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Өкмөттүн ID карта жөнүндөгү жобонун 3-пунктунун мыйзамдуулугун карап чыгып, этностук таандыгы тууралуу маалыматтын ачык тексттик түрдө көрсөтүлбөй, электрондук чипте гана камтылышы Конституциянын38-беренесине карама-каршы келет деп тапты.

Мекеменин түшүндүрмөсүнө ылайык, жарандын кайсы бир этноско таандык экенин эркин көрсөтүү укугу Конституцияга ылайык эч нерсе менен чектелбес укуктардын катарына кирет. Ал эми кайсы бир этноско таандыктыгын текст түрүндө көрсөтүү мүмкүндүгүн бербөө жарандын ким экендигин ID картада да жарыялоо укугун тикелей бузуу болуп саналат.

“Өкмөт соттун чечимин кааласа да, каалабаса да аткарууга милдеттүү”

“Улутуңду унутпа” кыймылынын мүчөсү Жыргалбек Касаболотов сот аркылуу утуп алышканын билдирди:

Биз өкмөттүн чечимине каршы Конституциялык палатага 2017-жылы кайрылганбыз. Ошол иш быйыл 14-октябрда каралып, өкмөттүн мурдагы чечими Конституцияга каршы деп табылып, сот биздин пайдабызга чечим чыгарды. Конституциялык палатанын чечими акыркы чечим жана даттанууга жатпайт. Башкача айтканда өкмөт аны кааласа да, каалабаса да аткарууга милдеттүү. Биз сотко кайрылганда, жаңылышпасам, Садыр Жапаров түрмөдө отурган. Азыр өкмөттү жетектеп жатат. Эгерде, ал улут графасын калыбына келтирүүгө буйрук берген болсо, мурунку өкмөттүн чечимин жокко чыгарган болот. Өкмөт башкаруу системасы катары мурунку позициясынан баш тартты деп түшүнөбүз. Конституциялык палатанын чечими — жалаң “Улутуңду унутпа” кыймылынын жеңиши. Ал эми өкмөт өз позициясын кантип өзгөртөт өз иши, бирок азыркы кылганы, биздин пайдабызга”, — деп билдирди ал.

Ал эми Шамшыбек Медетбеков “Соттун чечими жыйынтыкталып өкмөткө балким жетти, балким жеткен жок” дейт:

Садыр Жапаров улут графасы жөнүндө ал өзү аткара турган иштердин бири кылып айттышы мүмкүн. Улут графасын кайтаруу ою болгон. Биздин иш сотто экени жөнүндө маалыматы деле жок болсо керек. Соттун чечими жыйынтыкталып өкмөткө балким жетти, балким жеткен жок. Соттун чечимин эми Садыр Жапаров аткарыш керек”, — деп билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы соттун акыркы чечими тууралуу кабары жоктугун айтышты: “ Бул токтомду конституциялык талаптарга ылайык келтирүү максатында иштер жүргүзүлүп жатпайбы. Мамлекеттик каттоо кызматы өзүбүз тараптан өкмөттүн тапшырмасына даяр экенибизди билдиргенбиз”, — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Чечим өкмөткө жөнөтүлгөн

Конституциялык палатанын маалымат кызматы улут графасын киргизүү боюнча чечим өкмөткө жана юстиция министрлигине жөнөтүлгөнүн айтты.
Ал эми премьер-министрдин маалымат катчысы Дастан Дюшекеев бул боюнча маалымат берээрин айтып, кайра маалыматы жок экенин билдирген.

15-октябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы учурда улуттук паспортко ”жарандыгы” деген графаны киргизүү маселесинин үстүндө иштеп жаткандыгын билдирген эле.

Автор: ПолитКлиника

Сүрөттүн автору: Хамидулло Узаков/kloop.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты