​Жогорку Кеңештин сайты калыбына келтирилди

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин сайты калыбына келтирилди. Учурда адистер анын коопсуздугун камсыз кылуу иштерин улантышууда. Бул боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Учурда, сайттын администрациясы үчүн паролдор сакталып калган ZhK Staff штабынын бир же бир нече компьютерлеринен хакердик чабуулдар болгондугу аныкталды. Белгилей кетсек, бул компьютерлер 5-6-октябрь күндөрү болгон башаламандык учурунда уурдалган” – дейт ЖКнын басма сөз кызматы.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайты хакердик чабуулга кабылды. Парламенттик интернет-ресурстун негизги баракчасында сайт жана анын бөлүмчөлөрү кара пираттар тобунун көзөмөлүнө алынгандыгы көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты