​Жогорку Кеңештин расмий сайтын «The Black Pirate» көзөмөлгө алдыбы?

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин сайтын карап жатып, «The Black Pirate» пираттык тобу бул сайтты көзөмөлгө алганын көрүүгө болот.


Азыркы учурда «The Black Pirate» пираттык тобу 14-октябрдан кийинки жаңылыктардын ордуна өзүнүн логосун коюп, аларда мамлекеттик маалыматтар, логин, пароль жана бир канча мамлекеттик сайттар алардын көзөмөлүндө экени айтылууда. Ошондой эле аталган топ Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтары бар экенин, эгер мамлекет 10 000$ көрсөтүлгөн эсепке которулбаса Даркнетке» берилерин маалымдоодо. Сайтта ушундай маалымат чыгып жатат.

Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын кызматкери Жайыл Русланов маалыматты тактап берээрин айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты