​УКМК: Матраимовдун жанында жүргөн жана коррупциялык схемага аралашкан 40 адам аныкталды

  • 3 года мурун

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жанында жүргөн жана бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталды.

Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда аныкталган адамдардын жүргөн жери да белгилүү болгон.

Ошондой эле, бул коррупциялык схемага алардын катыштыгын аныктоо боюнча аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады УКМК басма сөз кызматы.

Эске салсак, шайлоодон кийинки нааразычылык акцияларынан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев кызматынан кеткен. Анын ордуна Камчыбек Ташиев дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты