БШК парламентке кайра шайлоону 20-декабрга белгилөөнү сунуштады

  • 4 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы парламентке кайра шайлоону 20-декабрга белгилөөнү жыйынында сунуштады.

Бул тууралуу БШК билдирди.

БШК Жогорку Кеңеш шайлоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, тактап айтканда шайлоонун күрөө акчасын жана босого пайызын төмөндөтүү, форма-2 боюнча өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин шайлоо мөөнөтүн аныктоо керектигин айтты.

Андыктан Жогорку Кеңешти мыйзамдарды тез арада кайра карап чыгууну сунуштады.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты