21 жашында өзүнүн юридикалык компаниясын негиздеген Таттыбүбүнүн баяны

.

21 жашында өзүнүн юридикалык бизнесин негиздеген Таттыбүбүнүн баяны

.

Бир баланын татыктуу энеси;

Юрист жана жеке ишкер;

Коммерциялык укук жана миграция боюнча юрист;

2014-жылдан баштан «Эргешбаева жана шериктештер» юридикалык фирмасын негиздеген, www.eap.kg;

2018-жылдан баштап «ICCA- Борбор Азиядагы иммиграциялык компаниясын» негиздеген;

2012-жылдан баштап жаштарды колдоо жана социалдык инициативалар менен иштөө боюнча «Самург» коомдук уюмунун, координациялык кеңешинде мүчө;

2019 -жылдан баштап Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ассоциациясынын, байкоочу кеңешинин мүчөсү;


Таттыбүбү Эргешбаева 27 жашта. Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылында төрөлгөн. Учурда бир баланын татыктуу апасы жана «Юридикалык» фирманын негиздөөчүсү.

2020-жылдан баштап юрист – эксперт катары бизнес тармагын өнүктүрүү жана миграция тармагында жеке юрист – аналитик катары иш-чараларын жүргүзөт.

Бир баланын татыктуу тарбиялап жаткан 27 жаштагы Таттыбүбү Эргешбаева үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу. Ал 21 жашында «Эргешбаева жана шериктештер» юридикалык фирмасын негиздеп, жаш ишкер айымдардын катарын толуктаган.

«Атамдын жумушуна байланыштуу ар кайсы жерден окудум»

— Мен атамдын жумушуна байланыштуу атамды кайсы жакка ишке которсо ошол жактан окуп жүрдүм. 9-классты аяктаган соң Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридикалык факультетин кызыл диплом менен бүтүргөм. 2010-жылдан баштап волонтёр катары коомдук уюмдарда иш-чараларды өткөрдүм. 2012-жылдан баштап, юридикалык компания иштеп баштагам. 2014-жылы Бизнести тейлөө боюнча өзүмдүн фирмамды ачкам. Бул бизнес тармагына өзүмдүн эле кызыгуум бар болчу. Кыргызстанга кичине болсо да салымымды кошсом деп тилечүмүн. Ошол тилегимди ишке ашырып өзүмдүн компаниямды түптөп иштеп жатам.

«5-классымдан баштап эле иштеп баштадым»

— Иштөө мага эч качан оорчулук жараткан эмес. Карапайым үй-бүлөнүн кызы болгондуктан 5-классымдан баштап эле иштеп баштагам. Алгачкы айлыгым 1000 сом болгон. Кошуналардын кыздарын чогултуп сабак өтчүмүн. 17 жашымда Бишкек шаарына келип окууга тапшырдым. Кошумча Эгембердиев атындагы оратордук мектепте сабак берип иштедим. Окууну бүткөн соң кесибим боюнча иштеп баштадым.

«Мамлекеттик кызматта айлык аз болгондуктан ишкерликти тандадым»

-Ушул фирмамды ачканга чейин 2,5 жыл тажрыйба топтодум. Тажрыйбам өз фирмамды ийгиликтүү иштетүүнүн жолу болду. Мен фирмамды ачардан мурда мамлекеттик кызматта иштесемби же ишкерлик менен алектенсемби деп ойлондум, мамлекеттик кызматта айлык аз болгондуктан ишкерликти тандадым. Бул фирмада үч алкак бар ошол алкактарга жараша эмгектенишет.

«2 жыл компаниянын кирешеси болгон эмес»

— Негизи ата-энем мамлекеттик кызматтарда иштегендиги үчүн мага бизнес менен алектенүү кыйын болду. Жол көрсөткөн эч ким жок, бирок мага өжөрлүк сапатым жардам берди. 2014-жылдан 2016-жылга чейин компаниямдын кирешеси болгон эмес. Юристтерге айлык төлөө, кеңсенин ижарасын төлөө үчүн эл аралык уюмдарга машыктыруучу же аутсорсинг адиси болуп иштегенге туура келген.

«Бизнес тармагын тейлөөнү токтоттум»

— Аталган фирманын ишмердүүлүгү бизнес ачуу жана аны тереңдетүүдө пайда болгон маселелерди чечүүгө багытталган. 6 жылдан бери ушул тармакта эмгектенем. Биз 200дөн ашык компанияларда юридикалык жана бухалтердик тейлөө бердик. Ушул жумуш аркылуу өзүм үчүн көптөгөн пайдалуу көз караштарды ачтым. Быйыл «Юридикалык» фирманын ичинде өзгөрүүлөрдү киргиздик. Бизнес тармагын тейлөөнү токтоттум. Азыр болсо мыйзамдар менен иштеп, ченемдик укуктук актыларды талдоо боюнча иштөөгө чечим кабыл алдым. Мунун себеби, кардарларыбыз жалаң эле ишкерлер болчу. Быйыл пандемияга байланыштуу биздин ишкерлер чыгымдарга кабылып, административдик чыгымдарды сактоо кыйын болуп калды. Пандемия азыр басаңдабай турганын түшүндүм. Ошондуктан фирмага өзгөртүү киргиздим.

Юридикалык фирманын келишимдери, ченемдик укутук актыларды талдоо багытында иш алып барат. Миграциялык фирма узак мөөнөттүү болууга, тактап айтканда, Борбордук Азиянын жарандары үчүн Европада, Канадада жашоого уруксат алуу үчүн укуктук жардам көрсөтүү менен иш алып барабыз. Мен өзүм кошумча бизнес өнүктүрүү жана миграция тармагын колдоо боюнча юрист-эксперт катары иш-чараларды өткөрөм.

Компаниям ачылгандан бери көптөгөн жетишкендиктерге жеттик:

2014-жылдан бери 2-5 юрист жана башка кесиптеги адистерге иш орунун берип жатабыз;

2017-жылдан баштап ишкерлерге, коомдук уюмдарга юридикалык жардам берип келебиз;

Фирмада иштеп кеткен юристтер азыр мамлекеттик чоң кызматтарды аркалашат;

Фирма бизнес жана миграция тармагын колдоо боюнча юридикалык аналитикалык документтерди жасап чыкканга жетиштик.

«Жаштарга айтарым талыкпай эмгектенип, издунүү керек»

-Азыркы учурда өлкөбүз жаш, билимдүү жаштарга суусап турат. Ошондуктан эч убакта эмоцияга берилбей, биринчи бир тармакта пайдалуу иш жасоо керек. Билим алыш керек сөзсүз түрдө. «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей бир жердин адиси болуп чыгыш керек. Ошол адисти сүйүп иштесе эле өлкөбүз өнүгөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты