Коронавирус дагы 470 кишиден аныкталды. 5 киши каза тапты

  • 3 года мурун

17-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 470 учуру катталды. 5 бейтап каза тапты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 98;
Ош — 38;
Чүй облусу – 32;
Ош облусу — 9;
Талас облусу — 7;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 17;
Жалал-Абад облусу – 98;
Баткен облусу — 82.

Бир сутка ичинде 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 6 кызматкер ооруканадан айыгып чыкты, үй карантининен 11 кызматкер чыгарылды.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3529 кишиге жетти. Алардын арасынан 3145 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 51 490 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 221 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 45 509 кишиге жетти.

5 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1108ге жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты