Жапаров: “Матраимовдор жана башка элдин ырыскысына кол салган коррупционерлерди жоопко тартабыз” (ВИДЕО)

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 16-октябрда кыргызстандыктарга кайрылуусунда өлкөдө адилеттүүлүктү орноторун, коррупция менен күрөшөрүн билдирди.

“Менин башкы максатым – өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүү.

Мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн тазалоонун инструменти болуудан калат.

Саясий куугунтук дегенди менден ашык жон тери менен сезген саясатчы жоктур! -деди Жапаров.

Ошондой эле ал соттук реформалар президенттик аппарат тарабынан эмес, коомчулук тарабынан көзөмөлгө алынарын билдирди.

-Соттук реформалар мындан ары Президенттик Аппарат тарабынан эмес, коомчулуктун көзөмөлүндө жүргүзүлөт.

Баарынан мурда биз 700 млн долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча шектелген Матраимовдор жана башка схемалуу коррупцияларды түзүп, элдин ырыскысына кол салган бардык тармактардагы коррупционерлерди катаал жазалар менен жоопко тартабыз, -деди.

Укук коргоо органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Жакынкы убактарда биз ишибиздин жыйынтыгын көрсөтөбүз.

Ошол эле мезгилде коррупция менен күрөшүү – бул түрмөлөрдү

Кылмыш дүйнөсү өзүнүкүн диктовка кылганды токтотот деп кепилдик берем.

Буга чейин айрым аймактарда бизнес ошол жерде иштеши үчүн криминалдын уруксаты керек болчу. Бул мезгил артта калды. Ишкерлер менен инвесторлорго өзгөчө шарттар түзүлөт, -деп белгиледи. Жапаров.

Президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийирн Президенттин милдетин аткаруу премьер-министр Садыр Жапаровго ыйгарылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты