​Элчи Аликбек Жекшенкулов кызматтан алынды

Жаңылыктар

Сооронбай Жээнбеков отставкага кетээр алдында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду кетирүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Кол коюлган жарлык бүгүн, 16-октябрда “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитине жарыяланган.

Анда жумуштан кетирүүнүн себеби, “ишеним жоготкону үчүн” деп жазылган.









Эске салсак, 2019-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Жекшенкулов Аликбек Жекшенкулович Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.