​Ташиев УКМКга төрага болуп бекитилди

Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды.
Бул жарлыкка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызматынын директору болуп Бекбосун Апсатаров дайындалса, анын орун басары болуп Рустам Мамасадыков дайындалган.

Эске салсак, шайлоодон кийинки нааразычылык акцияларынан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев кызматынан кеткен.