Коронавирус кечээкиден күчөдү: 431 кишиге жукту

  • 4 года мурун

16-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 431 учуру катталды. 4 бейтап каза тапты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 70;
Ош — 44;
Чүй облусу – 34;
Ош облусу — 147;
Талас облусу — 4;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 65;
Баткен облусу — 52.

Бир сутка ичинде20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 2 кызматкер ооруканадан айыгып чыкты, үй карантининен 13 кызматкер чыгарылды.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны кишиге жетти. Алардын арасынан кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 51 020 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 208 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 45 288ге жетти.

4 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1103 кө жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты