​Президенттин милдетин Садыр Жапаров аткарат

  • 4 года мурун

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат.

Жыйында Президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан баш тартып, анын милдетин премьер-министр Садыр Жапаров аткара турган болду.

КРнын Конституциясынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат.

Бирок, Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетип аткаруудан баш тартты.

“Учурдагы коомдук саясий кырдаалды эске алып, КРнын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын ыйгарым укуктарын юридикалык жактан аяктоо алдында тургандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруудан баш тартам. Мен өз убактымды, күч аракетимди Жогорку Кеңештин жумушуна багыттап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы шайлоосуна тиешелүү мыйзамдарды карап чыгып, аларды кыска мөөнөттүн ичинде кабыл алууга болгон аракетимди жумшоого туура чечтим”, — дейт Канат Исаев.

Мындан улам, мыйзам боюнча Президенттин милдетин премьер-министр Садыр Жапаров аткарат.

Премьер-министр Садыр Жапаров мындан ары Президенттин милдетин толук аткарууга даяр экендигин билдирди.

“Тынчтык жолу менен, мыйзамдуу жолу менен бийлик алмашып атканына ыраазы болушубуз керек. Мындан ары мага жүктөлгөн милдеттерди толук аткарууга, ички жана тышкы саясаттарды мурда кандай келатса, ошондой улантууга бардык күч аракетимди жумшайм”, — деп билдирди Жапаров.

Эске салсак, кечээ, Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенин жарыялаган эле. Конституция боюнча Президенттин милдети Жогорку Кеңештин төрагасына, ал милдетин аткара албай калган учурда Премьер-министрдин колуна өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты