Сооронбай Жээнбеков: «Бүтпөй калган иштер көп. Ичиң ачышат экен»

  • 3 года мурун

Бүгүн, 16-октябрда, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп жатат. Анда Сооронбай Жээнбековдун отставкасы кабыл алынды.

Күн тартибинде эки маселе: Кыргыз Республикасынын Президентинин отставкасы жана өзгөчө кырдаал маселесин алып салуу бар.

Депутаттар өзгөчө абалды алып салуу чечимин кабыл алды.

Сооронбай Жээнбеков парламентте сөз сүйлөдү. «Кечээ Президент болгонума үч жыл болду» деди мамлекет башчы.» Мамлекеттик бийликтин бардык бутактары менен иштеп, ички-тышкы саясатта бир топ иштерди аткардым»,- деди ал.

Андан ары Сооронбай Жээнбеков үч жылда эмне жумуш аткарганын айтты.

«Тарыхыбыздагы окуялар 6-октябрга чейин жана кийин деп бөлүнүп калды. Катуу сын-пикирлер айтылды. Өлкөнү укук талаасына кайтарууга жумшадым», — деди Сооронбай Жээнбеков.

«Бүтпөй калган иштер көп. Ичиң ачышат экен», — деп Сооронбай Жээнбеков элден кечирим сурады.

Сүрөт: «ПолитКлиника». 16-октябрь, 2020.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты