Феликс Кулов: «Ташиев менен Жапаров киргиче Жээнбеков кетүүгө камынган эмес»

Феликс Кулов Садыр Жапаров менен сүйлөшүү жүргүзө турган топтун ичинде болчу, бирок Жапаров ал жолугушууга келген эмес. Куловдун айтымында, Жапаров Ташиев менен бирге келген. Жолугушууга барган саясатчылар тарагандан кийин, Жээнбеков капысынан отставкага кетээрин жарыялады.

Феликс Кулов Президенттин бир азыраак мурун эле кандай планы болгондугу тууралуу ойлору менен “Кактус медиага” бөлүштү.

— Президент эмнеге отставкага кетүүнү чечти?

— Бул мен үчүн да күтүүсүз болду. Мен бүгүн эле резиденцияда болдум. Биз тарап кеткенден кийин эле Президент отставкага кетти деген маалымат беришти. Биз кетип баратканда анын кабинетине Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев көтөрүлүп бараткан. ЖМКда Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияга оорусунан улам келбейт экен деп жазышкан. Мен алар менен учураштым, алар шашылыш болчу, мен болсо кетип жаткам.

Алар Президентке карай көтөрүлүп кетишти, андан кийин эле мамлекет башчы отставкага кетти деген маалымат алдым.

— Сиз жеке өзүңүз Президенттин андай чечимин уккан жоксуз да?

— Жок. Алар кабинетте үчөө эле болгон, андан кийин эле ушундай маалымат чыгып калды. Билдирүү чын эле кооптонтот, себеби анда Президент кан төгүлүп кетиши мүмкүн болгонун жана кан төгүлүшүн каалабаганын билдирип жатат. Мындай билдирүү жасаш үчүн чоң негиз болушу керек. Ал жоокерлерин да, милицияны да, тобокелге салбай, өзү отставкага кетип калды.

Бул убакыт өткөндөн кийин белгилүү болот деп ойлойм, мындай чечим кабыл алууга Жээнбековду ким мажбурлаганы белгилүү болот деп ойлойм. Бул бийликти алгасы келген адамдардын сценарийи менен кеткенин көрсөтөт.

Азыр парламентти таратууну каалап жатышат, анда бийлик автоматтык түрдө премьер-министрге өтөт. Ошондо ал адам бийликти кандай пайдаланат деген суроо туулат. Ага кудай акыл-эс берсин. Ал эми көлөкөдө турган кишиге бийлик берсе, анда эл аны эч убакта кечирбейт.

— Президент менен жолукканда эмне тууралуу сүйлөштүңүздөр, анын маанайы кандай эле?

— Буга чейин отставка тууралуу сөз да болгон эмес. Жээнбеков отставкага кетпей турганын билдирген. Ал эл алдына чыгып, эмнеге азыр бийликтен кетпей, иштеш керек экенин айтаарын билдирген.

Ал жаңы шайлоо белгиленгенден кийин отставкага кетээрин айткан. Жаңы жылдан кийин кетет окшойт деп ойлоп калгам. Резиденциядагы жолугушууда көп ишмерлер болгон — Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаков, Марат Султанов, Өмүрбек Текебаев жана башкалар. Алардын баары кетип калышкан. Мен акырында чыккам.

— Демек, отставканы Жээнбеков, Жапаров, Ташиев үчөө талкуулаган турбайбы?

— Ооба, үчөө.

— Демек, жолугушуунун башка катышуучулары Жээнбековдун позициясынын өзгөрүшүн билишкен эмес турбайбы?

-Ооба, биз сүйлөшүүлөр дагы уланат деп ишенимдүү кеткенбиз. Жээнбеков дагы, Ташиев дагы компромисске барат деп ойлогонбуз.

— Мунун артында ким турат деп ойлойсуз?

— Мунун артында абдан чоң-чоң себептер турушу мүмкүн. Кызматты мындай кыйчалыш учурда тапшырууга болбойт. Бирок Жээнбеков билдирүүсүндө кан төгүлүп кетиши мүмкүн деп ушундай чечим кабыл алганын билдирген. Бул абдан чоң негиз, бирок ал канчалык чын, канчалык негиздүү деген маселе туулат.

— Эми окуя кандай өнүгүшү мүмкүн?

— Балким парламент таркатылат, бийлик бир кишиге -Садыр Жапаровго өтүшү мүмкүн. Бирок ал бийликти Жапаров кандай пайдаланат? Элдин жыргалчылыгынабы, анда кудай жалгасын. Эгер башка тарапка бурам десе, аны Гаага трибуналы күтөт. Башка жол жок. Бул адам андай жаман иштерге барбайт, мен билем. Бирок анын артында ким турат, алар кандай кадамдарга барат, мына ушул кооптондурат.

— Жапаровдун артында ким турушу мүмкүн?

— Мен аны билбейм.

Булак: «Кактус медиа»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты