​COVID-19: 330 учуру катталды. 2 киши каза тапты

  • 3 года мурун

14-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 330 учуру катталды. 2 бейтап каза тапты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 68;
Ош — 36;
Чүй облусу – 12;
Ош облусу — 74;
Талас облусу — 9;
Ысык-Көл облусу – 18;
Жалал-Абад облусу – 70;
Баткен облусу — 43.

Бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 2 кызматкер ооруканадан айыгып чыкты, үй карантининен 7 кызматкер чыгарылды.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3456 кишиге жетти. Алардын арасынан 3105 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 50 201ге жетти.

Өткөн суткада 172 киши коронавирустан сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 44 884кө жетти.

2 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1094кө жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты