​Токаев Кыргызстандын конституциялык жолго түшүүсүн колдойт

  • 3 года мурун

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев “Твиттердеги” баракчасына “Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын легитимдүү президенти” деп жазып, анын өлкөдөгү жагдайды жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдой турганын билдирди.

Токаев “Президент Жээнбеков мамлекеттин легитимдүү президенти болуп саналат, ошондуктан анын жаңжалды токтотуу жана абалды турукташтыруу үчүн жасап жаткан аракеттерин колдойм. Казакстан үчүн Кыргызстан стратегиялык өнөктөш. Ошондуктан бул өлкөнүн туруктуулугу маанилүү. Кыргызстандагы жагдайдын конституциялык нукка түшүүсүн колдойм. Биздин өлкө жаңжал башталганда эле бардык саясий күчтөрдү маселени Конституциянын негизде чечүүгө чакырган” деп жазган.

Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, Кошмо Штаттар президент Сооронбай Жээнбековдун, саясий лидерлердин, жарандык коомдун жана мыйзам талдоочу окумуштуулардын өлкөнүн саясий турмушун мыйзам жолуна кайтаруу аракетин колдой турганын айткан. Өлкөдө уюшкан кылмыштуулук менен коррупциянын саясатка тийгизген таасирине каршы күрөштү улантуу зарыл экендиги белгиленген.

Ага чейин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааный турганы жарыялаган.

5-6-октябрдагы окуялардан бери өлкөнү мыйзам талаасына кайтаруу боюнча орток пикир табылбай, саясий кризис орун алды. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.

10-октябрда легитимдүү орган саналган Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткени кабарланган. Бир катар депутаттар, саясатчылар бул жыйындын чечимдери легитимсиз деп, парламенттик жыйынды кайра чакыруу демилгелерин көтөрүп жатышат.

Сооронбай Жээнбеков бул добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча парламенттин токтомун кайра кайтарып берген.

Сүрөт: КР Президентинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты