​Парламент өкмөттүн курамын жана программасын бекитет

  • 4 года мурун

Бүгүн, 14-октябрда, “Ала -Арча” резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны чакырылганы турат.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда өкмөт башчыны, өкмөттүн курамын жана программасын бекитүү маселеси каралары айтылууда.

Кечээ парламенттин кезексиз жыйынында төрага болуп Канатбек Исаев шайланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын өкмөтүнүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу токтомду өлкөнүн Жогорку Кеңешине кайтарган.

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.

Парламенттин ал жыйынын айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.Кечээ. ЖК жыйыны.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты