Урматбек Самаев: Аида Касымалиеваны коркуткан эмесмин

  • 4 года мурун

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйынына келген Урмат Самаев Аида Касымалиеваны коркутмак тургай, аны менен ошол күнү сүйлөшпөгөнүн айтты:

Аида Касымалиева менен саламым түз болчу. Бирок учурда эмнеге мен тараптан коркутуу болду деп айтканын түшүнбөй турам. Мурунку жыйналышта Аида Камчыбековнаны коркутмак тургай учурашып, сүйлөшкөнгө да мүмкүнчүлүк болгон эмес. Коркутту деп күнөөлөш үчүн жок дегенде бир далилдөөчү факт келтирип берсе болмок. Эми өзү ушинтип жок жерден коркутту деп жатса, азыр жанына да баргым келген жок”, — деди депутат.

Самаев Садыр Жапаровду премьер-министр катары тааный турганын да айтып өттү:

Негизи мурунку шайлоолордо деле келүүгө мүмкүнчүлүк болбогон учурда ишеним кат аркылуу добушубузду берип эле жүргөнбүз. Ошондуктан өткөн жыйындагы Жапаровдун өкмөт башчы болгонун мыйзамдуу эле деп айта алам.

Шайлоо кайра өткөрүлсө, биз да катыша алабыз. Мен “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлүмүн. Мыйзамдуу түрдө катышууга укугубуз бар. Эгер кайра шайлоо болсо жыйынтыгы ушундай эле болот. Анткени ошончо добушту биз жөн эле алган жокпуз. Эл колдогону үчүн алдык. Добуш сатып алдыңар деп күнөөлөгөндөр далилдеп берсин”, — деди Самаев.

Муну менен бирге ЖК депутаты Ак үйдү оңдоого кете турган чыгымдарды ошол күнү элди чогулткан, кетпегиле деп суранган кишилер төлөп бериши керектигин да баса белгилеп өттү.

Буга чейин алтынчы чакырылыштын вице-спикери, 7-чакырылышка президенттик делген «Биримдик» партиясынан талапкер болгон Аида Касымалиева «Ала -Арча» резиденциясында өткөн Жогорку Кеңеш жыйыны легитимсиз болгонун жана жыйындан чыгып кеткенине өкүнгөндүгүн, аны депутат Урмат Самаев коркутканын билдирген.

Бүгүн, 13-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулуп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты