​Марат Аманкулов: Президент өз ишин улантышы керек

  • 4 года мурун

Бүгүн,13-октябрь күнү, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны чогулуп, Бишкек шаарына өзгөчө кырдаал киргизүү маселеси каралганы жатат.

Жыйынга келген “Биримдик” партиясынын лидери жана Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстандагы азыркы кырдаал боюнча комментарий берди:

“Бүгүн өлкөбүздүн тынчтыгы бардык саясий амбициялардан маанилүүрөөк.Ошондуктан бүгүн эң биринчи кезекте өлкөбүздүн стабилдүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти өз ишин жок дегенде кийинки шайлоого чейин улантышы керек. Бул бир гана Президенттин каалоосу эмес, конституциялык жактан да туура болуп эсептелет. Ал эми Кыргызстандын бүтүндүгүн камсыз кылууга болгон кийинки кадам Жогорку Кеңештин спикерин тез арада бекитүү”, — деп билдирди депутат.

Бүгүн, 13-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулуп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты