Аида Касымалиева: Премьер-министрдин мыйзамсыз дайындалышына каршымын

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттарынын “Ала-Арча” резденциясында өтүп жаткан жыйынында, вице-спикер Аида Касымалиева журналисттерге берген маегинде социалдык тармактарда тараткан пикиринен кайтпаганын билдирди:

Бүгүн көпчүлүк депутаттардын демилгеси менен чогулуп жатабыз. Биздин бүгүнкү кворумда карала турган маселе өзгөчө кырдаалды киргизүүнү жана өлкөдөгү кырдаалды талкуулайбыз. Бүгүн бул жыйында 61 депутат келгенде кворум болот. Эгерде 61 депутат келбесе жөнөкөй эле депутаттардын жыйыны болот. Ал эми «шайлоону жокко чыгаруу үчүн» деген маалыматтар туура эмес. Айрым депутаттар мага чалып жатышат “чечимди кайрадан карайсыңарбы” деп. Аны карабайбыз. Анткени, кароо үчүн керектүү документтерди даярдаш керек.

Мен социалдык тармактарга тараткан пикиримден кайткан жокмун. Премьер-министр мыйзамсыз шайланды. Регламент боюнча дагы кворум жок болчу. Башка дагы мыйзам бузуулар болду: эсеп комиссиясы дагы түзүлгөн эмес, каршы добуш берген адамдардын аттары жазылган жок. Алардын баарын эсептегенде премьер-министр толугу менен мыйзамсыз шайланды. Мен Садыр Жапаровдун премье-министр болушуна эч кандай каршылыгым жок, болгону мыйзамдуу келиш керек. Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна кол койгон Жогорку Кеңештин юристерине жана башкаларына бийликти басып алуу беренеси менен кылмыш иши козголуш керек. Мен биринчи жыйынга келгенде мага карата басымдардан улам мен жыйындан кетип калдым”,- деп билдирди Касымалиева.

Бүгүн, 13-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулуп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты