Жээнбеков парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгиледи

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-октябрда, Садыр Жапаров менен жолугушту. Жээнбеков парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгиледи.

Өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды.

Мамлекет башчы өкмөттүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтому боюнча өз позициясын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгиледи.

«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы аталган маселени Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен кароосу үчүн парламентке кайрылат.

5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.

Парламенттин ал жыйынын айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты