​Канат Сагымбаевди 2 айга камоо чечими чыкты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камоо чечими чыгарылды.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы баш-аламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди бошоткон.

9-октябрда массалык баш-аламндыкты уюштургандыгы үчүн мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов кармалган.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Сүрөт: социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты