​Фарид Ниязов 10-декабрга чейин камакта болот

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 9-октябрдагы массалык баш-аламандыкты уюштурууга айыпталгандардын соту болууда.

Анда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду 10-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абак жайында кармоо чечими кабыл алынды.

9-октябрда, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Тилек Токтогазиев тарапкерлери менен Ала-Тоо аянтында митингге катышкан. Жыйынтыгында Садыр Жапаровдун тарапташтары менен пикир келишпестик жаралып, Токтогазиев башынан жаракат алган жана аталгандарды аткылаган.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы баш-аламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, анын ичинде Алмазбек Атамбаевди бошоткон.

9-октябрда массалык баш-аламандыкты уюштургандыгы үчүн мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов кармалган.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты