Соттун алдында Курсан Асановдун, Темирлан Султанбековдун тарапташтары турат

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы каралып жатканы айтылууда.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Анын уулдары Кадыр Атамбаев менен Сейит Атамбаевдер кармалып, кайра бошотулган.

Учурда сот залынын жанында тарапташтары плакаттар менен сот чечимин күтүп турушат.

Тарапташтардын арасында депутат Ирина Карамушкина, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жана Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева да бар.Темирлан Султанбеков менен Курсан Асановдун бөгөт чарасы эки башка каралып жатканы айтылууда.

Онунчу октябрда Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кадыр, Сейид Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков, Курсан Асанов “массалык башаламандыкты уюштурган» деген айып менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Кийинчерээк, Алмазбек Атамбаевдин уулдары Кадыр жана Сейит Атамбаевдер, Фарид Ниязов бошотулган.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты