БШК Өмүрбек Текебаевге мандатты кайтарып берген жок

  • 4 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин алтынчы чакырылыштын депутатынын мандатын кайтарып берген жок.

Анын себеби биринчиден, БШКнын жыйынына тийиштүү сандагы мүчөлөрү катышпаганы жана «Ата Мекен» партиясында бош мандат жок экендиги.

Бул тууралуу чечим бүгүн, 12-октябрда, маселени караган БШК жыйынында белгилүү болду.

Жогорку сот Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишин жокко чыгарган. Текебаев акыркы чечим чыккыча айыпталуучу болуп кала берет, бирок соттолгондугу тууралуу чечим алынып салынгандан кийин ал Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатын кайтарып ала алат. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев БШКга арыз менен кайрылган.

Азыр “Ата Мекен” партиясында бош мандат жок болгондуктан, анын арызы канаттандырылган жок. Бош орун пайда болгондо ал маселе кайра каралат.

21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жиберген. Мурдагы чечимдер жокко чыгарылган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин 29-августта Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы. Бүгүнкү БШК жыйынынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты