​Сооронбай Жээнбеков Роза Отунбаева менен жолукканы кабарланды

  • 4 года мурун

Президент Cооронбай Жээнбеков менен экс-президент Роза Отунбаева жолуккканы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыктын” ишенимдүү булактары билдиришти. Жекшембиде өткөн жолугушуу жөнүндө 24.kg агенттиги да жазып чыкты. Маалыматка ылайык, жолугушууда алар учурдагы өлкөдөгү абал тууралуу пикир алмашып, саясий кризистен чыгуу үчүн кеңири консенсус табууну сүйлөштү.

Бир катар депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер парламенттин 10-октябрдагы жыйыны кворум жок өткөнүн жана андагы кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. Ал тургай бул жыйынга барган айрым депутаттар басым-кысымга кабылганын билдиришүүдө.

Бул маселеге мурдагы премьер-министр Феликс Кулов көңүл буруп, парламенттин кезексиз жыйыны мыйзамсыз өткөнүн жазды.

«Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени жарыяланды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек. Мындан улам Садыр Жапаров шайланган премьер-министр болуп саналбайт».

Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанда Конституциялык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча кыргызстандыктарга, Президентке, Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылуу жасашты.

10-октябрда «Ала Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын чукул чакылрылган жыйыны болуп, үкмүт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги бекитилди.

Борбордук Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык митинги болгон.

Митингчилер 6-октябрда Ак үйдү басып алышты. Камактагы Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков жана башкалар бошот бошотулган.

6-октябрда, Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кайра өтчү парламенттик шайлоонун мөөнөтү 6-ноябрга чейин анык болору тууралуу маалымдаган.

Конституциянын 38-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылса кайра шайлоо бир айдын ичинде өтөт. БШК 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө чечимин 6-октябрда кабыл алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты