​Садыр Жапаровдун легитимдүүлүгү кайрадан талаш жаратты

  • 4 года мурун

Бир катар депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер парламенттин 10-октябрдагы жыйыны кворум жок өткөнүн жана андагы кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. Ал тургай бул жыйынга барган айрым депутаттар басымкысымга кабылганын билдиришүүдө.

Бул маселеге мурдагы премьер-министр Феликс Кулов көңүл буруп, парламенттин кезексиз жыйыны мыйзамсыз өткөнүн жазды.

«Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени жарыяланды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек. Мындан улам Садыр Жапаров шайланган премьер-министр болуп саналбайт».

Эл өкүлү Дастан Бекешев кезексиз жыйынды өткөрүүдө «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамдын бир нече беренеси бузулганын, кворум болбогонун тастыктады.

Бул арада президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташы саналган парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева 10-октябрдагы жыйын легитимсиз өткөнүн жана ага катышкан депутаттарга басым-кысым болгонун айтып чыкты.

Көп өтпөй Аида Касымалиева дагы бир талаштуу жагдайды ачыкка чыгарды. Анын жазышынча, 10-октябрдагы кезексиз жыйын легитимсиз жана анын жүрүшүндө кабыл алынган токтомго кол койгон адам «бийликти күч менен басып алуу» деген берене боюнча жооп берет.

«Садыр Жапаровду дайындоо боюнча Жогорку Кеңештин токтому жок. Анын шайланышы Жогорку Кеңештин расмий документтери менен бекитиле элек жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго бекитүү үчүн жөнөтүлө элек. Садыр Жапаровдун премьер-министр катары кабыл алган чечимдери юридикалык күчкө ээ эмес. Буга байланыштуу премьер-министрдин милдетин аткарууну биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков улантып жатат», — деп жазды Касымалиева.

Аида Касымалиева буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынын өткөрүү боюнча сүйлөшүү өткөрүп жатканын жана көпчүлүк коалициядан шайланган вице-спикер катары парламент төрагасынын милдетин аткарып жатканын билдирди.

Касымалиеванын бул билдирүүсү боюнча Садыр Жапаров жана анын командасы комментарий бере элек. Президенттик аппараттан да комментарий алууга мүмкүн болбой жатат.

Өлкө Конституциясынын 84-беренесине ылайык, президент үч күндүк мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарышы керек. Эгерде президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө жарлык чыгарбаса, өкмөт дайындалды деп эсептелет.

Ал ортодо Садыр Жапаров кызматына толук кандуу киришкенин жарыяланды. Ал алгачкы кадрдык чечимдерге кол коюп, ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып Улан Ниязбековду дайындады.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты