Аида Касымалиева: Кечээги парламент жыйынынын легитимдүүлүгү сотто каралат

Алтынчы чакырылыштын вице-спикери, 7-чакырылышка президенттик делген «Биримдик» партиясынан талапкер болгон Аида Касымалиева Фейсбук баракчасында кечээ «Ала -Арча» резиденциясында өткөн Жогорку Кеңеш жыйыны легитимсиз болгонун жана жыйындан чыгып кеткенине өкүнгөндүгүн, аны депутат Урмат Самаев коркутканын билдирди.

— Мен кечээ легитимсиз жыйындан чыгып кеткениме жана кошоматчы кесиптештерим тууралуу, Конституцияга каршы айтылгандарга каршы түз эфирде пикиримди билдирбегениме өкүнөм.

Экинчи жагынан, коркутуулар болуп жаткан ал жыйынды легитимдүү кылууга каршы турдум.

Жогорку Кеңеш аппаратынын жетекчисине менин добушумду кворум үчүн каттоого албоону жазгам. Ал баары бир каттап коюшканын айтты.

Мыктыбек Абдылдаев менен Мирлан Бакировго телефон чала албай калдым.

Мени Урмат Самаев коркуткан. Урмат, мен сенден жана баары атын айткандан коркуп жаткан сенин шефиңден коркпойм.

Ушул кезге чейин коомдук транспортко түшөм, жалгыз жүрөм. Эгер менин үй-бүлөм жана кызым бирдеме болсо, бул жакка баарын жаздым, — деди Аида Касымалиева.

Бирок Касымалиева Урмат Самаевдин “шефи” ким экенин атаган жок.

Ошондой эле Аида Касымалиева ал жыйында кворум болбогонун билдирди.

— Кечээ кворум болгон жок. Ал жакта 61 депутат катышыш керек болчу. Андан кийин гана ишеним кат.

ЖК аппараты баарын жарыялаш керек. Мен ЖК имаратына кире албай жатам. Кечээги жыйындын легитимдүүлүгү сотто каралат. Биз мыйзамдуу талаага келишибиз керек, -деп жазды Аида Касымалиева бүгүн, 11-октябрда.

Кечээ, 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болуп, анда Садыр Жапаровду премьер-минисрликке шайлашкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты