​Улан Ниязбеков ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары тааныштырылды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 11-октябрда, премьер-министрликке Жогорку Кеңеш тарабынан көрсөтүлгөн Садыр Жапаров милициянын полковниги Улан Ниязбековду ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары тааныштырды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага ИИМдин башкы башкармалыгынын, кызматтарынан башчылары катышты.

Садыр Жапаров Улан Ниязбековду башкаруучулук иштерде тажрыйбалуу жаш кадр экендигин белгиледи.

Кашкар Жунушалиев министрликтен бошотулган.

Курсан Асанов ички иштер министринин милдетин аткарып турган. Азыркы учурда Курсан Асанов камакка алынган.

Маалыматка караганда, министрлик кызматка жаңы дайындалган Улан Ниязбеков 1975-жылы туулган. Билими жогорку, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

1998-жылдан Чүй областынын Аламүдүн жана Ысык Ата райондорунун каржы полициясынын ыкчам кызматкери, андан кийин Чүй жана Талас областтарынын каржы полициясынын бөлүм башчысы,

2008-жылдан тартып ички иштер органдарында кызмат өтөй баштаган. Ал Баткен областынын жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыктарында коомдук коопсуздукту сактоо багытында ишмердүүлүгүн уланткан. 2010-жылы министрдин жардамчысы, 2011-жылдан баштап ИИМдин каржы-чарба башкы башкармылыгынын башчысы, андан кийин азыркы мезгилге чейин ИИМдин 7-башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматында иштеп келген.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты