Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун Президенттиктен кетээрин айтканын билдирди

  • 3 года мурун

Премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Садыр Жапаров Президент Сооронбай Жээнбековдун арыз жазып, президенттиктен кетээрин айтканын билдирди

Премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги парламентте көрсөтүлүп жатат

Парламентте сүйлөп жатып, Садыр Жапаров Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы дайындалгандан кийин отставкага кетээрин билдиргенин айтты.

Буга чейин премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков менен депутаттардын катышуусунда жолукканын билдирди.

Бүгүн, 10-октябрда, Ала-Арча резиденциясында Жогорку Кеңештин чукул жыйыны болуп жатат.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты