​Премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатат

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын чукул жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатат. Ал жыйында сөз сүйлөп, өкмөттүн курамы өзгөрбөгөнүн билдирди.

Бүгүн, 10-октябрда, Жогорку Кеңештин кезексиз чукул жыйыны ишин баштады.

Премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кетүүгө арыз жазганы маалым болду. Өкмөт башчылыкка «Достук» отелине чогулган депутаттар тобу Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунуштаган. Эми аны бекитүү гана калганы айтылып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты