Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп жатышат

  • 4 года мурун

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциянда саат 16:00 алтынчы чакырылыштын депутаттары өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн кезексиз жыйынга чогулушту.

Азыркы сааттагы маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин чукул жыйынына 61 депутаттын 46 депутатты келди, 6 депутат ишенип каттарын жазып беришкен.

Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева чогулуштун алдында билдирди.

6-октябрдагы чукул жыйында спикер болгон Мыктыбек Абдылдаев кворумга 61 депутат катышуусу керектигин билдирди.

Кезексиз жыйында Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлык, өкмөттүн курамын бекитүү жана өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан талапкерлер каралат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты