Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук Кеңеш катчысынын орун басары кызматынан бошотулду

  • 4 года мурун

Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Жаныбек Капаров Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды.

Дамир Сагынбаев Коопсуздук Кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду.

Жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков 10-октябрда кол койду.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирген.

Ал Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгенин, учурда коопсуздук, коомдук тартип тармагына көзөмөлгө алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын айтты.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты