Жапаров президент менен жолукканын билдирди

  • 4 года мурун

Премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков менен депутаттардын катышуусунда жолукканын билдирди.

Бүгүн, 10-октябрда, Садыр Жапаров өкмөт үйүнүн алдындагы тарапташтарына чыгып сөз сүйлөдү. Анда: » Бүгүн, күндүзгү саат 12де, депутаттардын катышуусунда президент Жээнбеков менен жолуктум. Президент өз каалоосу менен бийликтен кетээрин билдирди. Саат 4тө депутаттардын чогулаары белгисиз», — деп билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз отурумга чогулаары маалымдалган. Жыйын саат 16:00да, Ала-Арча резиденциясында президенттин катышуусунда болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты