​Парламент бүгүн кезексиз жыйынга чогулат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары кезексиз жыйынга чогулат.

Жыйында президенттин Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгы, өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткандардын талапкерлиги, спикердин милдетин аткаруучу Мыктыбек Абдылдаевди бекитүү маселелерин карашат.

6-октябрда Премьер-министр Кубатбек Бороновдун отставкага кетүүгө арыз бергени маалым болгон. Анын ордуна депутаттардын бир бөлүгү Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунушташкан.

9-октябрда «Республика», «Ата Мекен», «Бир бол» жана «Реформа» партиялары «Акыркы Үмүт» деген саясий коалицияга биригип, Өмүрбек Бабановду Премьерликке көрсөтүшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты