Бишкекке өзгөчө абал киргизүү: ЖМК иши көзөмөлдөнөт

  • 4 года мурун

Бүгүн, 10-октябрда, Жогорку Кеңеш Бишкек шаарына өзгөчө абалды киргизүү жарлыгын бекитүүгө чогулат. Жарлыкта ЖМК ишмердүүлүгүн чектеген жерлери да бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесине, 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 3, 4, 7, 8-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу максатында токтом кылынды.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 9-октябрынын саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 21-октябрына саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин. Бирок жарлыкты Жогорку Кеңеш бекитиши керек болгондуктан, парламент бүгүн чогулуп жатат.

Өзгөчө абал киргизүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектегени турат.

Президенттин жарлыгынын төмөнкү пукттарында мындай деп жазылган:

9) Эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин; 12)Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде комендант берген маалыматтарды таратсын.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты