Парламент премьер-министр сунуштайт. Бишкекке өзгөчө кырдаал киргизүү жарлыгы бекитилет

Бүгүн, 10-октябрда, 6-чакырылыштын депутаттары премьер министрге талапкерди сунуштоого кезексиз чукул жыйынга чогулушат. Ошондой эле Бишкек шаарына өзгөчө абалды киргизүү жарлыгын бекитүү маселесин карайт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдирди.

6-чакырылыштын депутаттары Ала-Арча резиденциясына чогула турганы айтылды.

Буга чейин премьер-министрликке депутаттардын бир тобу Өмүрбек Суваналиевди көрсөткөн. “Ата-Мекен”, “Реформа”, “Республика”, “Бир бол” партиялары биригүү меморандумуна кол коюп, Өмүрбек Бабановду өкмөт башчылыкка, Тилек Токтогазиевди биринчи вице-премьер-министрликке сунуштаган.

Бишкекте “Акыркы үмүт” аталышында тынчтык жүрүшү өткөрүлгөн. Митингдин максаты -бийликтин легитимдүүлүккө жетүүсүнө жардам берүү болгон. Жаштардан түзүлгөн жарандык коом криминалдык чөйрөнүн бийликти ээлеп алуусуна, коркутууларына каршы тынчтык митингин уюштурган.

Деструктивдүү күчтөр тарабынан аталган митинг үзгүлтүккө учураган. Тилек Токтогазиевге ок тийип, ооруканага жаткырылган.Ала- Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы премьер- министрлер Өмүрбек Бабановго жана Сапар Исаковго, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиевге ок атылган

Коопсуздукту камыз кылуу үчүн кечээ, 9-октябрда, Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 9-октябрынын саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 21-октябрына саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди деп айтылган.

Бирок “Өзгөчө абал” тууралуу Конституциялык мыйзамдын 4-беренесине ылайык, жарандардын коопсуздугун жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти өзгөчө абал киргизиле тургандыгы тууралуу эскертери жазылган. Ал эми аталган мыйзамдын 8-беренесине ылайык, айрым жерлерде өзгөчө абал киргизүү тууралуу эскертпей эле киргизет жана бул тууралуу Жогорку Кеңешке токтоосуз, ошол эле күнү билдирет.

Аталганг мыйзамдын 9-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен үч күндүн ичинде айрым жерде өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты бекитиши же четке кагышы керек. болчу.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.
Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты