​Атамбаев, Бабанов, Исаков, Токтогазиевдин өмүрүнө кол салышты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 9-октябрда, Ала- Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы премьер- министрлер Өмүрбек Бабановго жана Сапар Исаковго, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиевге ок атты.

Ала Тоо аянтында жаштардын митинги учурунда өздөрүн Садыр Жапаровдун тарапташарыбыз деп атаган адамдар трибунага таш жана бөтөлкө ыргыта башташкан.

Баш -аламан түшпөшү үчүн тынчтык митингин уюштуруучулар аянтты таштап кете башташкан.

Ал эми эски аянт тараптан келгендер аткылап, Алмазбек Атамбаевди, Өмүрбек Бабановду жана Сапар Исаковду карай мээлеген.

Алмазбек Атамбаев бараткан машинан аткылашкан, анда октун изи калган.

Буга чейин Ала -Тоо аянтындагы кагылышта Тилек Токтогазиев башынан жаракат алганын “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү бышыкташты. Ал эмнеден жаракат алганы азырынча белгисиз. Интернетке эс-учун жоготкон активистти бир нече адам көтөрүп бараткан видеотасма жарыяланган.

Андан кийин Тилек Токтогазиев эсине келгендиги айтылды.

Тополоң учурунда Ала-Тоо аянтында бир адам башынан жаракат алган. Кийинчерээк бул экс-премьер-министр Темир Сариевдин жансакчысы экени белгилүү болду.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты