​“Акыркы үмүт” тынчтык митинги өтүүдө

  • 3 года мурун

Бүгүн, 9-октябрда, Бишкектин темир жол бекетине тушташ “Акыркы үмүт” аталышында тынчтык жүрүшү өткөрүлүүдө. Митингдин максаты -бийликтин легитимдүүлүккө жетүүсүнө жардам берүү.

Жаштардан түзүлгөн жарандык коом криминалдык чөйрөнүн бийликти ээлеп алуусуна, коркутууларына каршы тынчтык митингин уюштурду.

Митингге Тилек Токтогазиев, Эльвира Сурабалдиева, Али Токтакунов, Дастан Бекешев, Улан Үсөйүн жана башка саясатчы, активисттер катышты.
Тилек Токтогазиев өз сөзүндө:

-Жапаровдун тарапташтарына кошулбайбыз. 2 айга убактылуу өкмөт болуп келип, 7 пайыздык босого баллды 3 пайызга түшүрөбүз,- деди.
Эльвира Сурабалдиева:

-Садыр байке ушунчага жеттикпи? Депутаттардын өмүрүнө, үй-бүлөсүнө коркунуч жаратканга жеттикпи,- деп кайрылды.
Митингде “Бир бол” партиясынан талапкер Нурсултан Кубанов:

— Мен Бабановду да, Жапаровду да колдобойм, эски саясатчыларга каршымын. Тилек мырзанын Бабановго кошулуп, вице-премьер-министрликке макул болгону туура эмес. Бабановдун да, Жапаровдун да тарапташтары мыйзам талаасына келиш керек. Эл чарчады. Элге тынчтык керек!,- деп кайчы пикирин билдирди.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.
“Ата-Мекен”, “Реформа”, “Республика”, “Бир бол” партиялары биригүү меморандумуна кол коюп, Өмүрбек Бабановду өкмөт башчылыкка, Тилек Токтогазиевди биринчи вице-премьер-министрликке талапкерилигин сунушташкан.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты