Орозбек Опумбаевди УКМК төрагасы кызматынан бошотуу жарлыгына кол коюлду

  • 4 года мурун

Орозбек Опумбаевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотуу жарлыгына кол коюлду.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков Конституциянын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, кол койду.

Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп 2019-жылы июнь айында дайындалган.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты