​Суваналиев: Координациялоо уланууда

  • 4 года мурун

Бүгүн, 9-октябрда, Улуттук коопсузудук боюнча мамлекеттик комитетинин жыйындар залында Өмүрбек Суваналиевдин катышуусунда чогулуш болду.

Анда өлкөнүн учурдагы абалы талкууга алынып, күч кызматкерлеринин саясатка кийлигишпөөсү керек экени айтылган.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев күч кызматтарын координациялоону улантып жатканын билдирди. Ал 6-октябрдан бери УКМКнын имаратында координатор катары иш жүргүзүп келген.

Айрым маалымат булактарында Ө.Суваналиевди УКМКнын ардагерлери жана кызматкерлери имараттан кууп чыкканы айтылган.
Кечээ 8-октябрда, Садыр Жапаров эл алдына чыгып сүйлөп жатып: “Суваналиев тарабынан менин мамлекеттик жан сакчым жана машинам тартылып алынды”, деп билдирген.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты