​Жарандык көзөмөл комитети Президентке, Жогорку Кеңешке, саясий партияларга кайрылуу жасады

Жарандык көзөмөл комитети Президентке, Жогорку Кеңешке, саясий партияларга кайрылуу жасады.

Кайрылууда айтылгандай, 8-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышкан 13 саясий партиянын кайрылуусун карап чыгып, коомчулук күткөн чечимди, Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өткөрүү тартибин жана аны уюштурууну караган. Кайра шайлоону келерки жылдын 7-ноябрына чейин өткөрүү каралганы белиленди.

Андан ары Кайрылууда булар баса көрсөтүлдө:

— Бирок кайра шайлоо өткөрүүгө чейин азыркы абалды эске алып, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тартиби, анын ичинде партиялардын өтүү босогосун, шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү, ошондой эле “форма-2” боюнча даректерин карап чыгуу маселесин кароо керек.

Ошондуктан массалык баш-аламандыкка шарт түзгөн жана шайлоону жокко чыгарууга алып келген “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларынын шайлоого катышышы мыйзам жагынан бекемделбей турат.

Ошондуктан парламент 20-октябрга чейин тиешелүү чечим кабыл алышы керек.

Эгер Жогорку Кеңеш депутаттары ошол датага чейин тиешелүү тартипте чечим кабыл албаса, анда 4-октябрда шайлоого катышкан, андагы шарттан улам өтпөй калган, бирок шайлоочулардын урматына ээ болгон партиялар бирдиктүү чечими менен кабыл алышы керек.

Саясий партияларды 25-27-октябрга чейин биригип, кайталап шайлоонун эрежелерин өзгөртүүнү сунуштайбыз. Эгер саясий партиялар да андай чечимди кабыл албаса, 100дөн ашык жарандык уюм жана активисттерди бириктирген жарандык көзөмөл комитети коомдук күчтөрдөн турган аянтча сунуш кылып, Борбордук шайлоо комиссиясына кайра шайлоого көмөк берет,- деп айтылат Кайрылууда.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы. Шайлоонун жыйынтыгына каршы митингден.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты