​Садыр Жапаровдун тарапташтары УКМК, ИИМ имараттарын басып алуу чакырыгын айтышууда

  • 4 года мурун

Бүгүн, 9-октябрда, Садыр Жапаровдун тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына чогулушту.

Алар УКМК, ИИМ имратттарын басып алуу чакырыгын да айтышууда.

Күч түзүм имараттарын тез арада алуу керектиги айтылды.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кетүүгө арыз жазганы маалым болду. Өкмөт башчылыкка «Достук» отелине чогулган депутаттар тобу Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунуштаган.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты