Тилек Матраимов атайын кызматтарга өткөрүлүп берилип, УКМК абагына камалды

  • 4 года мурун

Райымбек Матраимовдун иниси, чек арадан өтүү мыйзамын бузуп, Өзбекстандан кармалган Тилек Матраимов Кыргызстандын атайын кызматтарга өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу УКМК басма сөз борбору билдирди.

9-октябрда өзбек чек арачылары Кыргызстандын мамлекеттик чек ара тартибин бузгандарды кармаган. Алардын арасында Тилек Матраимов, 1967-туулган Зиябиддинбек Кочкорбаев, 1989-жылы туулган Масхуд Ахмедов бар.

Булар 6-октябрда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү учурунда кармалган жана кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү рреестрине 358-берене, чек араны мыйзамсыз өтүү боюнча кармалган.

Алар УКМК убактылуу абак жайына камалды

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагынан кармалган.

Тилек Матраимов сегиз жылдан бери өлкөдөгү ири райондордун бири болгон Кара-Суунун акимдигин аркалап келген. Ал парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси.

Шайлоодо алдыга чыгып, 24% добуш алган «Мекеним Кыргызстан» партиясын Матраимовдор алып чыккан. Добуш берүүдөгү олуттуу мыйзам бузууга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты